Алжирде 2 ай мурда башталган кызамык жайыла баштады
Алжир басма сөзүндө кызамыктан 12 кишинин каза болгондугуна байланыштуу маалыматтар да орун алды.
928736
Алжир саламаттык сактоо министрлигинин алдына алуучу медициналык директору Жемал Фурар кызамыктын 13 шаарга жайылгандыгын жана жекшемби күндөн баштап 2 миң 317 кишиде кызамыктын аныкталгандыгын билдирди. Фурар 2 ай мурда кызамык оорусу чыккан Ел – Вади шаарында 1047, Вургиле шаарында болсо 797 кишинин бул оору менен ооругандыгын белгиледи. Муну менен бирге Алжир басма сөзүндө кызамыктан 12 кишинин каза болгондугуна байланыштуу маалыматтар да орун алды. Алжир саламаттык сактоо министрлиги кызамыктын себептерин изилдөө үчүн 5 - мартта иш баштаган болчу.