Жириновский түрк тилдүү элдерден түрк тилинде өзүнө добуш берүүсүн суранды

«Өлкөбүздө түрк тилидүү элдер бар жана мамлекет башчысынын бир гана оручса эмес, татарча, башкортча жана башка тилдерде сүйлөгөндүгүнө кызыгышат".

923473
Жириновский түрк тилдүү элдерден түрк тилинде өзүнө добуш берүүсүн суранды

Орусиянын президентикке талапкери Владимир Жириновский Орусиянын түрк элдерине түркчө кайрылып добуш берүүсүн суранды. Жириновский Орусиянын Первый телеканалындагы бир талкуу программасында : «Өлкөбүздө түрк тилидүү элдер бар жана мамлекет башчысынын бир гана оручса эмес, татарча, башкортча жана башка тилдерде сүйлөгөндүгүнө кызыгышат. Аларга бир канча сөз сүйлөгүм келет»,- деген Жириновский  түркчө буларды айтты : «Мен сиздерге кайрылам. Алдыбыздагы күндөрдө президенттик шайлоо болот. Мага добуш бериңиздер. Рахмат».

Жириновский кайрадан орус тилинде : «Бардык түрк тилдүү элдерден добуш берүүсүн сурандым. Орусиянын президентинин алардын эне тилинде сүйлөшүн жактырышат. Мындан мурда мындай нерсе болгон эмес»,- деди. Өлкөдө президенттик шайлоо 18 -  мартта өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар