Путин АКШнын куру кыйкырык эмес далил сунуштоосун талап кылды

Путин, NBCден Мегин Келлиге берген маалыматында, «далил сунушталбаган учурунда мунун куру сөздөн башка эч нерсе болбой турганын» баса белгиледи.

922440
Путин АКШнын куру кыйкырык эмес далил сунуштоосун талап кылды

Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин, АКШдан өлкөсүнүн 2016-жылы ноябрь айында болгон АКШнын президенттик шайлоолоруна кийлигишкени жөнүндөгү айтымдар жана даярдалган айыптоо тыянагында күнөөлөнгөн Орусиянын 13 жараны тууралуу далил сунуштоосун талап кылды.

Путин, NBCден Мегин Келлиге берген маалыматында, «далил сунушталбаган учурунда мунун куру сөздөн башка эч нерсе болбой турганын» баса белгиледи.

Мегин Келлинин Демократиялык улуттук комитеттин (DNC) компьютер каракчылары тарабынан тонолушу, Твиттер жана Фейсбукта «бош эсептер» ачылышы, президенттик шайлоолор туурасында жаңылыш маалыматтар жайылышы сыяктуу күнөөлөөлөрдү эске салганы боюнча Путин, Орусиянын органдарына далил сунушталышы керектигине дагы бир жолу басым жасады.

Орусиянын президенти Путин: «Эң оболу күнөөлөнгөн кишилердин эмне кылгандарын көрүшүм керек. Бизге документ бергиле. Өзүңүздү жана АКШ Конгрессин урматтоо менен бирге, АКШда укук дипломуна ээ болгон кишилер 100 пайыз бар болсо керек»,-деди.

Келли укук дипломуна ээ болгонун айтып жатканда Путин: «Жакшы билим алган кишилердин, Орусиянын мыйзамдарын бузбаган кишилерин жоопко тарта албай турганын түшүнүүсү керек. Бул үчүн Орусиянын Прокуратурасына расмий талап кылуулары керектигин түшүнүүңүз керек. Бизге расмий талап сунуштаңыз»,-деп айтты.

Орус лидери, бул процесстин басма сөз аркылуу же болбосо Конгрессте куру кыйкырык менен эмес, расмий каналдар аркылуу жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар