Сауд Арабияда кызматтан алуулар жана дайындоолор ишке ашты

Сауд Арабиянын расмий маалымат агенттиги SPAда жарыяланган жаңы королдук жарлыгына ылайык кызматтан алуулар жана дайындоолор ишке ашты.

919065
Сауд Арабияда кызматтан алуулар жана дайындоолор ишке ашты

Сауд Арабияда башкы штаб төрагасы жана аба күчтөрү командири ардактуу эс алууга чыкканда кургактык күчтөрү командири менен катар бир топ министрдин орун басарлары жана жогорку рангадагы жооптуу кызматкерлер кызматтарынан алынды.

Сауд Арабиянын расмий маалымат агенттиги SPAда жарыяланган жаңы королдук жарлыгына ылайык, башкы штаб төрагасы, армия генералы Абдуррахман бин Салих эл-Бунян жана аба күчтөрү командири Мухаммед бин Авад Сухайм ардактуу эс алууга чыгарылды.

Кургактык күчтөрү командири Фехд бин Турки бин Абдүлазиз менен катар ички иштер министринин орун басарлары Ахмет эс-Салим менен Хамед бин Халеф эл-Халеф, эмгек жана социалдык өнүгүү мнистринин орун басары Ахмет эл-Хумейдан, тышкы иштер министринин орун басары Юсуф эс-Садун кызматтарынан алынды.

Жевф аймагынын эмири Фехд бин Бендер да кызматтан алынгандардын арасында орун алды.

Бошогон орундарга жаңы дайындоолор да жасалды.

Башкы штаб төрагалыгына Фейз эр-Рувейли дайындалса, армия генералы даражасына көтөрүлгөн Фех эл-Матир Кургактык күчтөрү командирлигине, ошондой эле армия генералдыгына жогорулаган Турки бин Бендер бин Абдүлазиз Аба күчтөрү командирлигине дайындалды.

Жаңы ички иштер министринин орун басарлыгына Бендер бин Абдуллах эл-Мешари жана Мухаммед эл-Мухенна дайындалса, тышкы иштер министринин орун басарлыгына Ахмед Каттан, экономика жана пландоо министринин орун басарлыгына болсо Халид бин Сууд эш-Шенифи жана Файсал бин Фадыл эл-Ибрахим дайындалды.

Эмгек жана социалдык өнүгүү мнистринин орун басарлыгына Темадир бин Юсуф эр-Ремах, Сауд Арабиянын башкы прокурорунун орун басарлыгына да Шелан бин Ражих бин Шелан дайындалды. Кеңеш межлисинин башкы катычысы болсо Мухаммед бин Дахил эл-Матири болду.

Сауд Арабия королу Салман бин Абдүлазиз айрыкча, Улуттук коргонуу стратегиясын өнүктүрүнүн алкагында даярдалган жана адам укуктары муктаждыктарын да камтыган Коргоо министрлигинин программасын өнүктүрүү долбооруна да кол койду.



Тектеш кабарлар