Малайзия АКШнын Тель Авивдеги элчилигин көчүрүүсүнөн тынчсызданууда

Малайзиянын адилеттүү жана туруктуу бир чечүүчү жол үчүн башка өлкөлөр менен биргеликте кыймыл кылары баса белгиленди.

919457
Малайзия АКШнын Тель Авивдеги элчилигин көчүрүүсүнөн тынчсызданууда

Малайзия АКШнын Тель Авивдеги элчилигин 14 -  майда Иерусалимге көчүрүү планынан санааркап жатат. Малайзиянын тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта АКШнын бул планынын санааркатуучу экендиги белгиленди. Маалыматта : «АКШнын Иерусалим чечими Палестина  - Израиль ортосундагы маселени чечүү аракеттерине зыянын тийгизет жана дагы да коркунучка салат. Малайзия ар дайым эки мамлекеттин ортосундагы маселелердин чечилишин колдоодо»,- деп билдирилди.

Маалыматта өзгөчө Малайзиянын адилеттүү жана туруктуу бир чечүүчү жол үчүн башка өлкөлөр менен биргеликте кыймыл кылары баса белгиленди.



Тектеш кабарлар