АКШ Түндүк Кореяга чакырык салды

АКШ Корея жарым аралынын ядролук куралдардан тазаланышын каалайт.

918006
АКШ Түндүк Кореяга чакырык салды

АКШ башкаруучулугу Корея жарым аралынын ядролук куралдардан тазаланышы керектигин белгиледи.

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Президент Дональд Трамп башкаруучулугу толугу менен так жана кайра кайтып келгис түрдө Корея жарым аралынын ядролук куралдардан тазаланышын максаттап жатат»,-деген сөздөргө орун берилди.

Билдирүүдө, Түндүк Корея менен өткөрүлө турган сүйлөшүүдөн ушул натыйжалардын алынышы керектиги маалымдалды.

Ошондой эле: «Президент Трамп да белгилегендей Түндүк Корея ядролук куралдарды таштаса алдында жарык жол болот. Пхеньяндын билдирүүлөрүндө бул сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү каалап же каалабаганын көрөбүз. Бул процессте АКШ менен бүткүл дүйнө Түндүк Кореяга ядролук жана ракеталык иштерин жүргүзгөн жолдун туура эмес жол экенин аларга так түрдө айтуусун улантуусу керек»,-делди.



Тектеш кабарлар