Кытайдын жаңы жыл майрамынын жан алгычтыгы

Кытайда 16-февралда 12 жаныбарлуу Ай жыл сүрүүсүнө караганда ит жылы башталды.

916276
Кытайдын жаңы жыл майрамынын жан алгычтыгы

Кытайда жаңы жыл деп билинген жаз майрамы «Чунжие» майрамдоолору убагында жалпы өлкөдө 51 киши каза таап, 9 киши жаракат алды.

Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин жарыясында эс алуу жарыяланган 15-21-февраль күндөрүнүн аралыгында фейерверк жана жарылгычтардын себебинен жалпы өлкөдө 12 миң жерде өрт чыкканы жана жалпы материалдык чыгымдын 57 миллион юан (9 миллион доллар) болгону белгиленди.

Кытайда 16-февралда 12 жаныбарлуу Ай жыл сүрүүсүнө караганда ит жылы башталды.

Жаңы жыл майрамдоолору убагында кытайлыктар фейерверк жана жарылгычтар менен жаман рухтарды кубалашат.

Аба-ырайынын булганышы, өрт жана коопсуздук кооптонуулары себеби менен 400дөн ашуун шаарда фейерверк шоуларына тыюу салынган.

Бирок элет жерлерде бул салт дагы деле кеңири уланып келет.


Этикеткалар: #Кытайда

Тектеш кабарлар