Ирак орус жарандарын тапшырды

Ирактын тышкы иштер министрлигинин катчысы Ахмет Махжуб 27 бала менен 4 аялдын Орусияга тапшырылгандыгын билдирди.

916165
Ирак орус жарандарын тапшырды

Ирак террордук уюм ДЕАШ менен байланышы бар экендиги билдирилген орус жараны 31 кишини өлкөлөрүнө жиберди.

Ирактын тышкы иштер министрлигинин катчысы Ахмет Махжуб берген жазуу түрүндөгү маалыматында ДЕАШка мүчө болушу үчүн алдангандары айтылган 27 бала менен 4 аялдын Орусияга тапшырылгандыгын билдирди. Маалыматта : «Керектүү териштирүүлөрдөн кийин 31 киши өлкөсүнө тапшырылды. Аялдардын жарандарга жана коопсуздук күчтөргө каршы террордук кыймылга катышпагандары ортого чыкты. Бул 4 аялдын Иракка мыйзам тышы жолдор менен кирүү кылмышы менен Орусияда соттолот»,- деген сөздөргө орун берилди.



Тектеш кабарлар