Украинанын президенти Австрияда

Австриянын борбор шаары Венада Украинанын президенти Петр Порошенко премьер  - министр Курз менен жолугушту.

907258
Украинанын президенти Австрияда

Австриянын президенти Александр Ван дер Беллен Украинанын чыгышында Минск келишиминин эртерээк ишке ашырылышы керектигин баса белгилеп Орусиянын Украинанын чыгышына карата мамилеси өзгөрмөйүнчө бул өлкөгө карата Европа Биримдигинин санкцияларынын улантыла берерин белгиледи. Австриянын борбор шаары Венага делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн барган Украинанын президенти Петр Порошенко президент Ван дер Беллен жана тышкы иштер, Европа, шайкештик министри Карин Кнейссл менен үч тараптуу сүйлөшүү өткөрдү. Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн пресс  - жыйында сөз сүйлөгөн Ван дер Беллен эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштардын мыкты экендигин айтып экономика, Европа Биримдиги, Украина карым  - катнаштары жана Украинанын чыгышындагы араздашууларга чейинки бир топ теманы карап чыгышкандарын айтты. Ван дер Беллен Австриянын Украинанын Европа Биримдиги жолунда таштаган кадамдарын колдогондугун белгилеп Европа Биримдиги жана Украинанын ортосунда түзүлгөн виза эркиндигинин маанилүү бир абал экендигин баса белгиледи. Ван дер Беллен тышкы иштер министри Кнейссл менен март айында Украинага сапар менен барарын да билдирди.

Украинанын президенти Порошенко да эки өлкөнүн ортосундагы экспорт жана импорттогу 17 пайыздык артууга көңүлдөрдү буруп, австриялык фирмаларды өлкөсүнө дагы көп инвестиция салууга чакырды.

Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүгү тууралуу Австриянын колдоосуна муктаж экендигин белгилеген Порошенко Европа Биримдигинин Орусияга салган экономикалык санкцияларга бул өлкөнүн берген колдоосунан улам рахмат айтты. Ошол эле учурда Австриянын борбор шаары Венада Украинанын президенти Петр Порошенко премьер  - министр Курз менен жолугушту.

 



Тектеш кабарлар