Йеменден Сауд Аравияга снаряд атылды

Кол салууда үч бала жараланды.

906995
Йеменден Сауд Аравияга снаряд атылды

Йеменде башкарууну колго алган хусилердин Сауд Аравиянын чек арадагы шаары Жазанга жасаган кол салуусунда үч бала жараланды.

Сауд Аравиянын расмий кабар агенттиги СПАнын маалыматына ылайык Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалициянын катчысы Түрки ел  -  Малики хусилер тарабынан өлкөнүн Йемен чек арасындагы Жазан аймагына карата кол салуунун түздөн түз жарандарды бутага алгандыгын билдирди.

Кол салууда снаряддардын отурукташуу жерине келип түшүшү менен үч баланын жаралангандыгын билдирген Малики жаралуулардан 2 жаштагы Зияд Касым Сүлейман Атифинин абалынын оор экендигин айтты.

Малики  Иран колдогон хусилердин жарандарды бутага алуу менен эл аралык адамзаттык укук жана принциптерди бузууну уланткандыгын белгиледи. Йеменде мыйзамдуу башкарууга сокку урган хусилер 2014 -  жылдын сентябрь айынан бери борбор шаар Сана жана башка кээ бир аймактарды өз көзөмөлүнө алган. Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү да 2015 -  жылы март айынан бери хусилер менен болгон согушта мыйзамдуу башкарууга караштуу күчтөргө жардам берүүдө.



Тектеш кабарлар