АКШнын вице - президенти Түштүк Кореяда

Түштүк Корея менен АКШ Корея жарым аралынын ядролук куралдардан тазаланышына карата бирдикте иштөө боюнча макулдашты.

907210
АКШнын вице  - президенти Түштүк Кореяда

Түштүк Корея менен АКШ Корея жарым аралынын ядролук куралдардан тазаланышына карата бирдикте иштөө боюнча макулдашты.

АКШнын вице  - президенти Майк Пенс жана коштоосундагы делегация Пхёнчэн шаарында бүгүн баштала турган 2018  Кышкы олимпиада оюндары үчүн Түштүк Кореяга барды.

Түштүк Кореянын мамлкет башчысы Мун Чжэ Ин менен жолугушкан Пенс АКШ -  Түштүк Корея карым  - катнаштарынын күчтүү экендигин баса белгилеп, Вашингтондун Сеул менен коргонуу да болгон союздаштык убадасын кайталады.

Жолугушууда Мун менен Пенс эки өлкөнүн ортосундагы союздаштыктын «ар дайымкыдан дагы күчтүү» экендигин баса белгилеп, Түндүк Кореяны Корея жарым аралынын ядролук куралдардан тазалоо сүйлөшүүлөрүнө кошуу үчүн «максимум кысым» жасаларын белгиледи. Мун Сеулдун Пхеньянды жарым аралдын ядролук куралдардан тазалоо максатында курула турган бир диалогго кошуу үчүн олимпиада оюндарын бир мүмүкнчүлүк катары пайдалангандыгын айтты.

Мамлекет башчысы Мун : «Түштүк Корея  - АКШ союздаштыгы ар дайымкыдан дагы күчтүү. АКШнын президенти Дональд Трамптын ноябрь айындагы расмий сапарынан кийин вице  - президент Пенстин Пхёнчэнге олимпиадалары үчүн барышы эки өлкө калкынын ортосундагы күчтүү союздаштык менен байланышты ортого салуу үчүн бир мүмкүнчүлүк болот»,- деди.

 



Тектеш кабарлар