АКШнын вице - президенти Японияда

АКШнын вице  - президенти Майк Пенс АКШнын жакынкы убакта Түндүк Кореяга карата абдан катуу экономикалык санкциясын билдирерин белгиледи.

905734
АКШнын вице  - президенти Японияда

АКШнын вице  - президенти Майк Пенс АКШнын жакынкы убакта Түндүк Кореяга карата абдан катуу экономикалык санкциясын билдирерин белгиледи.

Киодо маалымат агенттигинин кабарына караганда 6 күндүк Азия сапарынын негизинде Япониянын борбор шаары Токиого барган Пенс Япониянын премьер  - министри Шинзо Абе менен жолугушту. Пенс менен Абе Түндүк Корея баллистикалык жана ядролук коркутуусуна каршы эки өлкөнүн бири бири менен жана Түштүк Корея менен жакын кызматташтыгынын керектүүлүгүн баса белгилешти. Абе жолугушуунун башында массалык маалымат каражаттарына ачык бөлүгүндө : «Япония  -  АКШ союздаштыгынын күчтүү байланыштарынын саясында Түндүк Корея маселесине жана башка маселелерге токтолууга даярбыз»,- деди.

АКШнын вице  - президенти Пенс да буларды белгиледи : «АКШ жакынкы учурда Түндүк Кореяга ушул кезге чейинки эң катуу жана эң агрессивдүү экономикалык санкциясын билдирет жана биз, ядролук жана баллистикалык ракета программасынан  так түрдө баш тартканга чейин Түндүк Кореяны изоляциялоону улантабыз. Корея жарым аралынын ядролук куралдардан тазаланышы тууралуу глобалдык максатыбызга жеткенге чейин жана Түндүк Кореянын коркутуулары акырына чыкканга чейин Япония калкы менен Түштүк Корея калкы менен жана аймактагы союздаштарыбыз менен жана өнөктөштөрү менен бирге иштөөнү улантабыз».



Тектеш кабарлар