Палестина Боштондук Уюмунан Европа Биримдигине кат
Израиль абактарында 300зү бала 7 миңге жакын палестиналык бар.
Палестина Боштондук Уюму Европа Биримдигине Израиль менен карым – катнаштарын карап чыгууга чакырды. Уюм Израилдин палестиналык балдар менен адам укуктары активисттерин камоого алып, Европа Биримдиги - Израиль өнөктөштүк келишимин тебелегендигине көңүлдөрдү бурду.
Палестина Боштондук уюмунун башкы катчысы Саиб Урейкат Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлерине кайрылып кат жазды.
Урейкат Израилдин араларында 16 жаштагы Ахед - ет - Тамими да болгон палестиналык балдарды, тынчтыкчыл адам укуктары активисттерин камоого алгандыгын жана буларга карата кол салууда болгондугун баса белгиледи.
Урейкат Израилдин негизги соода өнөктөшү болгон Европа Биримдигинин бул өлкөгө кысым жасоо үчүн жетерлик мүмкүнчүлүккө ээ эмес экендигин белгиледи. Израиль абактарында 300зү бала 7 миңге жакын палестиналык бар.
Тектеш кабарлар
Бельгияда Израилге каршы бойкот акциясы
Гент, Брюссел, Антверпен, Левен жана Льеждеги университеттерде нааразылык акциялары уланууда.