Македония менен Грециянын ортосунда ысым маселеси

Македония менен Греция 25 жылдан бери чечиле албаган «ысым маселесин» чечүү үчүн иш алып баруу топторун түзүү тууралуу макулдашты.

887379
Македония менен Грециянын ортосунда ысым маселеси

Македония менен Греция 25 жылдан бери чечиле албаган «ысым маселесин» чечүү үчүн иш алып баруу топторун түзүү тууралуу макулдашты. Македониянын тышкы иштер министри Никола Димитров эки өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин лидерлигинде сүйлөшүүлөрдү баштоо тууралуу келишкендерин жарыялады. Сүйлөшүүлөрдө «Македония» ысымы тууралуу 25 жылдан бери чечиле албаган келишпестикке чечүүчү жол табуу максат кылынууда.

Грек кесиптеши менен оболу Салоникиде жолугушкан Димитров : «Эки тараптын тең алдыга жылуу эркин ортого койгондугун байкадык»,- деди.

Греция өлкөнүн түндүгүндө өз чек араларынын ичинде «Македония» аттуу бир аймак бар деген негиз менен Македонияны мурунку Югославия Македония республикасы деген ат менен кабыл алууда.

Македониянын атынын өзгөртүлүшүн талап кылган Афина өлкөнүн Европа Биримдиги жана НАТО мүчөлүгүнө тоскоол болууда.



Тектеш кабарлар