Кытай менен Камбоджа келишимдерге кол коюшту

Эки өлкөнүн ортосунда 20 келишимге кол коюлду.

886085
Кытай менен Камбоджа келишимдерге кол коюшту

Кытай менен Камбоджанын ортосунда айыл чарба, инфраструктура жана саламаттык сактоо тармактарын өнүктүрүүнү көздөгөн 20 келишимге кол коюлду.

Расмий сапар менен Камбоджага барган Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян менен Камбоджанын премьер-министри Хун Сен жолукту.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда айыл чарба, инфраструктура жана саламаттык сактоо тармактарын өнүктүрүүнү көздөгөн келишимдерге кол коюлду.

Келишимдердин арасында, борбор шаар Пномпень менен туристтик шаар Сиануквилди бири-бирине байланыштыра турган 200 километрдик жол жана Пномпенде жаңы эл аралык аэропортун салынышы долбоорлору бар.

Быйыл башталышы жана 44 айдан кийин бүтүрүлүшү күтүлгөн жол долбоорунун алкагында Кытайдын бул өлкөгө 2 миллиард доллар инвестиция салаары белгиленди.



Тектеш кабарлар