АКШ Түндүк Кореяга кол салабы?

Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн артынан Түндүк Кореядан АКШны бутага алган маалымат келди.

884818
АКШ Түндүк Кореяга кол салабы?

АКШнын Түндүк Кореяга кол сала турганы жөнүндөгү айтымдар...

АКШдагы «Wall Street Journal» гезитинде орун алган бир кабарда, АКШнын президенти Дональд Трамп өкмөтүнүн Түндүк Кореяга аскердик чабуул коюу альтернативасын карап жатканы баяндалды.

Кабардын Түндүк Корея жана Түштүк Кореянын маселелерди диалог жолу менен чечүүгө чечим чыгарган күнү жарыяланышы көңүл бурду. «Wall Street Journal» гезити Трамп өкмөтүнүн Сеул жана Пхеньяндын ортосундагы муздар ээрип баратканда коркунучтуу стратегияны талкуулаганын жазды.

Кабарда АКШлык жооптуу кызматкерлердин Корея жарым аралында жапырт согушту күүлөп жибербестен аскердик чабуул уюштуруунун мүмкүн болуп болбогонун талкуулагандары маалымдалды.

Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн артынан Түндүк Кореядан АКШны бутага алган маалымат келди.

Ройтерске маалымат берген түндүк кореялык бир жооптуу кызматкер, Түндүк Кореянын куралдарынын бир гана АКШны бутага алганын, Түштүк Корея, Орусия жана Кытайды мээлебегенин айтып чыкты.



Тектеш кабарлар