Япония Түндүк Кореяга кысым көрсөтөт

Бул боюнча керектүү кадамдар ташталат

882340
Япония Түндүк Кореяга кысым көрсөтөт

Япония Түндүк Кореяга ядролук жана ракеталык программасын токтотушу үчүн кысым көрсөтүүсүн арттырат.

Япония өкмөтүнүн басма сөз катчысы Ёсихидэ Суга өткөргөн маалымат жыйынында, Түштүк жана Түндүк Кореянын 9-январда сүйлөшүү үчүн макулдашкандарына байланыштуу, өлкөсүнүн Пхеньян башкаруучулугуна ядролук жана ракеталык программасын токтотушу үчүн кысымын улантаарын билдирди.

Япониянын АКШ жана Сеул башкаруучулугу менен жакын байланыш куруп жатканын баса белгилеген Суга, бул темада Кытай жана Орусия менен да кызматташып, керектүү кадамдардын алкагында Пхеньян башкаруучулугуна кысым көрсөтүүнү арттыра тургандарын айтты.

 



Тектеш кабарлар