Пилоттор жүргүнчү учагында урушушту

Учак Англиядан Индияга учуп бараткан.

881561
Пилоттор жүргүнчү учагында урушушту

Англиядан Индияга бара жаткан жүргүнчү учагында пилоттор урушушту.

BBCнин кабарына караганда, жаңы жыл түнү Jet Airways авиакомпаниянын Лондон-Мумбаи каттамын жүргүзгөн жүргүнчү учагында кызмат кылган пилоттордун ортосунда уруш чыкты.

Кабарда уруштун эркек пилоттун аял пилотту чаап жибергени боюнча башталганы, аял пилоттун көпкө чейин кабинага кирбегени белгиленди.

Jet Airwaysтин пилоттордун учууларына тыюу салганы жана бул боюнча териштирүү башталганы, 324 жүргүнчүнү ташыган учактын коопсуз түрдө Мумбаиге конгону билдирилди.



Тектеш кабарлар