Пакистан 145 индиялык балыкчыны өлкөсүнө тапшырды
Балыкчылар өткөн жылы Пакистан сууларында мыйзамсыз балык уулап жатып камоого алынган болчу.
878527
![Пакистан 145 индиялык балыкчыны өлкөсүнө тапшырды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ff09/6dd0/4d63/5a4646f959ecb.jpg?time=1719227461)
Пакистан сууларында мыйзамсыз түрдө балык уулагандыгы үчүн камоого алынган 145 индиялык балыкчыны өлкөлөрүнө тапшырды.
Пакистан коопсуздугунан берилген маалыматта Карачи шаарындагы бир абакта кармалган 145 балыкчынын чыгыштагы Лахор шаарына алып келингендиги жана бул жердеги чек ара капкасынан Индияга жиберилгендиги белгиленди. Бир тараптан келерки айда бир балыкчы группасынын дагы жакшы ниеттин көрсөткүчү катары эркин койо берилери билдирилди. Балыкчылар өткөн жылы Пакистан сууларында мыйзамсыз балык уулап жатып камоого алынган болчу.