Кытай Кудус тууралуу тынчсызданууларды түшүнүү менен кабыл алгандыгын билдирди

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин катчысы Ли Кенг Палестина маселесинин бардык жагы менен адилеттүү жана толугу менен чечилишин колдошкондорун айтты.

868487
Кытай Кудус тууралуу тынчсызданууларды түшүнүү менен кабыл алгандыгын билдирди

Кытай ислам өлкөлөрүнүн Кудус тууралуу тынчсызданууларын түшүнүү менен кабыл алгандыгын билдирди.

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин катчысы Ли Кенг борбор шаар Пекинде өткөргөн пресс – жыйынында Кытайдын Ислам Кызматташтык Уюмунун Кудус тууралуу эл аралык коомго жасаган чакыруусуна байланыштуу ислам өлкөлөрүнүн Кудус менен байланыштуу тынчсызданууларын түшүнүү менен кабыл алгандыгын белгиледи.

Өлкөсүнүн Кудус маселесинин чечилишинде БУУнун тийиштүү чечимдери жана эл аралык коомдун пикир биримдигин колдогондугуна көңүлдөрдү бурган Ли 1967 -  жылдагы чек ара боюнча  борбор шаары Чыгыш Кудус болгон көз карандысыз Палестинаны колдошкондорун да баса белгиледи.

Израил менен Палестинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн эң кыска убакта башталышын ойлоп жаткандарын билдирген катчы Палестина маселесинин бардык жагы менен адилеттүү жана толугу менен чечилишин колдошкондорун айтты.



Тектеш кабарлар