Йеменде холера жана дифтерия

34 кишинин болсо эпидемиядан улам каза болгондугу белгиленди.

867664
Йеменде холера жана дифтерия

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунан берилген маалыматка караганда өлкөдө 283 оору менен шектелген киши аныкталып, 34 кишинин болсо эпидемиядан улам каза болгондугу белгиленди. Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү колдогон президент Абдураббу Мансур Хади күчтөрү менен хусилердин арасында 3 жылга жакын убакыттан бери күчтүү кагылышуулар болгон Йемен дифтерия менен бирге холера эпидемиясы менен да күрөшүп жатат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму холера ортого чыккан 27 -  апрелден бери жалпы өлкөдө 1 миллионго жакын кишинин оору менен шектелгендигин, эпидемиядан улам 2 миң 219 кишинин каза болгондугун билдирген болчу.



Тектеш кабарлар