В. Путин 2018 - жылдагы шайлоодо талапкер

Орусиянын президенти В. Путин 2018 -  жылы боло турган президенттик шайлоодо талапкер болорун билдирди.

863291
В. Путин 2018 - жылдагы шайлоодо талапкер

Орусиянын президенти В. Путин 2018 -  жылы боло турган президенттик шайлоодо талапкер болорун билдирди. Путин Орусиянын Нижный Новгород шаарында өткөрүлгөн бир иш чарада берген маалыматында : «Ооба, алдыбыздагы жылы өткөрүлө турган шайлоодо талапкер боломун»,- деди.

Шайлоо Крымдын Орусия тарабынан аннекцияланган 2018 -  жылдын 18 -  мартында өткөрүлөт. Серепчилердин айтымында Путиндин ордун сактап калышына так көз менен каралууда.

Орус коомдук пикир фонду тарабынан кыска убакыт мурда жыйынтыктары жарыяланган сурамжылоолорго караганда орус калкынын 68 пайызы шайлоодо Путинге добуш берүүнү пландап жатат. Сурамжылоонун жыйынтыгына караганда Путиндин шайлоодогу атаандаштары 7 пайыздык добуш менен Орусия либерал демократ партиясынын лидери Владимир Жириновский менен 4 пайыздык добуш менен Коммунист партиясынын лидери Геннадий Зюганов.

Орусияда Путиндин негизги атаандаштарынын бири болгон оппозициячыл активист жана «Коррупция сенен күрөшүү фондунун» куруучусу Алексей Навальный болсо өзү тууралуу ачылган доолордон улам орус жетекчилеринин каршы чыкканына карабастан президенттик шайлоодо талапкер болорун билдирген.

 

 



Тектеш кабарлар