АКШда учак кырсыкка учурады

Кырсыкта 2 адам каза болду.

2153636
АКШда учак кырсыкка учурады

АКШнын  Түштүк Калифорния аймагында эски үлгүдөгү учак кырсыкка учурап 2 адам каза болду.

Федералдык авиация башкармалыгынан берилген маалыматта ачык асман музейинин Аталар күнү иш-чарасында абага көтөрүлгөн эски эки моторлуу Lockheed 12A үлгүсүндөгү учактын кулап түшкөнү жана кырсык болгон жерде өрттүн чыкканы белгиленди.

Билдирүүдө өрттүн көзөмөлгө алынышынан кийин учактын урандысынан  2 кишинин сөөгү табылды. 

Билдирүүдө ачык асман алдындагы музейге таандык учактын тарыхый экендиги жана окуя боюнча иликтөө иштери башталганы белгиленди.

Билдирүүдө музейдин кийинчерээк жабыла тургандыгы белгиленип, кырсыкта каза болгондордун жакындарына көңүл айтылды.

 

 



Тектеш кабарлар