Флинндин орустар менен сүйлөшүүсүнүн жашырыла турган эч нерсеси жок болчу

АКШнын президенти Дональд Трамп,Твиттер эсебиндеги жарыясында Флинндин орустар менен сүйлөшүүсүнүн мыйзамдарга ылайык болгонун жана жашырыла турган эч нерсеси жок экенин билдирди.

860184
Флинндин орустар менен сүйлөшүүсүнүн жашырыла турган эч нерсеси жок болчу

АКШнын президенти Дональд Трамп, Ак үйдүн мурдагы улуттук коопсуздук кеңешчиси Майкл Флиннди вице-президент Майк Пенс жана Федералдык териштирүү борборуна (FBI) жалган айтканы үчүн кызматтан алганын белгилеп кетти.

Трамп, Твиттер эсебиндеги жарыясында Флинндин орустар менен сүйлөшүүсүнүн мыйзамдарга ылайык болгонун жана жашырыла турган эч нерсеси жок экенин билдирди.

Трамп анда, «Генерал Флиннди вице-президент жана FBIга жалган айтканы үчүн кууп жибердим. Бул жалгандарынын себебинен күнөөлүү. Бул уят кылуучу нерсе. Анткени өтмө мезгилдеги кылган иштери мыйзамдарга ылайык болчу. Мында жашырыла турган эч нерсе жок»,-деп бөлүштү.

Орусия териштирүүсүндө FBIга жалган айтканын моюнга алган Флинн, бул темада кылгандарынын жаңылыш болгон билгенин белгилеп, «Муну оңдоого аракет кылам»,деген убада берген жана «кызматташтык кылуу чечиминин өлкөсү жана үй-бүлөсү үчүн эң туурасы» боло турганына ишенгенин айткан.

АКШ басма сөзүндө Флинндин атайын ыйгарым укуктуу прокурор Роберт Мюллер жүргүзгөн териштирүүдө Трампка каршы күбө боло турганы белгиленген.

Флинндин бир айга жетпеген улуттук коопсуздук кеңешчилиги милдетинен кетүүгө аргасыз болушуна Орусиянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр тууралуу жаңылтуучу маалымат бериши себеп болгон.

Флинндин Трамптын шайлоо өнөктүгү убагында Орусиянын Вашингтондогу элчиси Сергей Кислак менен болгон сүйлөшүүлөрдүн мазмуну туурасында жооптуу кызматтагыларга жаңылыш маалымат бергени түшүнүктүү болгон.

Бир тараптан Орусия маселесин териштирген атайын ыйгарым укуктуу прокурор Роберт Мюллер, Трампка каршы билдирүүлөрүн байкаган мурдагы FBI тыңчысы Питер Строкту териштирүүчү топтон чыгарды.

«Нью-Йорк Таймс» гезити чалгындоого каршы туруу боюнча мурдагы тыңчысы Строктун билдирүүлөрүнүн Адилет министрлигинин башкы текшерүүчүсү тарабынан иликтенгенин жана аты аталган билдирүүлөрү белгиленгенин жазды.

Мындан мурда мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун жеке өзүнө таандык электондук почтасынан расмий жазышууларды жасаганы тууралуу териштирүүгө да катышканы белгиленген Строктун бул жайда кызматтан алынганы маалымдалды.

Бир тараптан Вашингтон пост гезити Строктун, Клинтон териштирүүсү убагында FBI адвокаты Лиза Пейж менен баш кошпостон жыныстык катнашка киргени билинип калганын жазып чыккан.



Тектеш кабарлар