Индияда борошодо каза болгондордун саны артты

Индиянын Тамил Наду жана Керала аймактарында «Окхи» борошосунда каза болгондордун саны 10ге жетти.

859634
Индияда борошодо каза болгондордун саны артты

 Индиянын Тамил Наду жана Керала аймактарында  таасирдүү болгон «Окхи» борошосунда каза болгондордун саны 10ге жетти.

Борошодон улам Тамил Наду жана Кералада бештен киши каза болду. Тамил Надундун Канякумари аймагында 22ге жакын балыкчынын жоголгондугу, 62 үйдүн толугу менен 240 үйдүн да зыян тарткандыгы билдирилди. Жетекчилер Керала жээктерине жакын жерде 100дөн ашуун балыкчынын да куткарылгандыгын билдирди.

Жогорулаган суу деңгээлинен улам кээ бир айыл жана талааларды суу басып, көптөгөн жерде электр үзгүлтүгү болууда. Аймактык өкмөт тарабынан курулган баш калкалоо жерлерге 1 миң 44 кишинин жайгаштырылыгандыгы белгиленди. Улуттук апаатты башкаруу кеңеши борошонун Лакшадвип аралдарын саатына 130 километр ылдамдык менен урушу боюнча эскертти.



Тектеш кабарлар