Түндүк Кореянын ракеталык сыноолору согушка түртүүдө

Баллистикалык ракета сыноосу Пхеньян менен Вашингтон башкаруучулугун согушка бираз дагы жакындаштырды

858208
Түндүк Кореянын ракеталык сыноолору согушка түртүүдө

АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли, Түндүк Кореянын акыркы баллистикалык ракета сыноосунун Пхеньян менен Вашингтон башкаруучулугун согушка дагы бираз жакындаштырганын айтты.

Хейли БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынындагы сөз сүйлөөсүндө сыноого байланыштуу: «Эгерде согуш чыгып кетсе бул кечээ күбө болгонубуз сыяктуу агрессивдүү кыймылдарынын себебинен болот жана согуш чыгып кетсе Түндүк Корея толугу менен ортодон жок кылынат»,- деп айтты.

Никки Хейли айрыкча АКШнын президенти Дональд Трамптын кечээ Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу байланышып Кытайдын Түндүк Кореяга чийки мунай зат сатуусун токтотуусунун убагы келгенин айтканын билдирди.



Тектеш кабарлар