Индияда көчөлөр Иванка Трамп үчүн тилемчилерден тазаланды

Катуу коопсуздук чаралар көрүлгөн саммитке Англиянын мурунку премьер  - министри Тони Блэрдин жубайы Шери Блэр да болгон 200 конок катышууда.

857031
Индияда көчөлөр Иванка Трамп үчүн тилемчилерден тазаланды

 

АКШнын президенти Дональд Трамптын кызы жана кеңешчиси Иванка Трамп бүгүн баштай турган жана 3 күнгө созула турган глобалдык демилгечилик саммитине катышуу үчүн Индиянын Хайдарабад шаарына барды.

Иванка Трамптын Хайдарабад саммитинин даярдыктары жумалар мурун башталды. Полиция көптөгөн күндөр оболу көчөлөрдөгү тилемчилер менен үйсүз кишилерди чогултту. Трамптын сапарынан мурда көчөлөрдү тилемчилерден тазалоону каалаган полиция тилемчилерди билдиргендерге 7, 5 доллар акчалай сыйлык берилерин жарыялады.

Шаар борборундагы көпүрөлөр менен кээ бир имараттар сырдалды. Жолдорго Иванка Трапмтын сүрөтү жана сөздөрү жазылган афишалар илинди.

Саммиттен улам коопсуздук арттырылган шаарда 2 күн 10 миң полиция жана аскер кызмат кылат. Шаарда жолдордун тыгын болбошу үчүн билим берүү эки күндүгүнө токтотулду.

Глобалдык демилгечилик саммитинин ачылышын Индиянын премьер  - министри Нерандра Моди менен Трамп бирдикте аткарышат. Премьер  - министр Моди бүгүн кечинде Трамптын урматына Фалакнума сарайында кечки сый тамак берет. Пресс  - жыйын өткөрүшү күтүлбөгөн Трамп шаршемби күнү аяктай турган сапарында эки башка паннелге да катышат.

Катуу коопсуздук чаралар көрүлгөн саммитке Англиянын мурунку премьер  - министри Тони Блэрдин жубайы Шери Блэр да болгон 200 конок катышууда.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар