Багдатта жан кечтилик кол салуу болду

Кол салууда 11 киши каза болуп, 11 киши жараланды.

856367
Багдатта жан кечтилик кол салуу болду

Ирактын борбор шаары Багдатта жасалган жан кечтилик кол салууда 11 киши каза болуп, 27 киши жаракат алды. Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Багдаттын түштүк чыгышында орун алган Нехраван аймагындагы базарда эки жан кечти денелериндеги бомбаны жардырышты. Кол салууда 11 киши каза болду. Жараланган 27 киши жакын жерлердеги ооруканаларга алып барылды. 

Кол салуунун жоопкерчлигин террордук уюм ДЕАШ моюнга алды. Түркия Багдаттагы террордук кол салууну абдан катуу айыптады. Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : "Дос жана бир тууган Ирак калкына көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз. Бул террордук кол салууну катуу айыптайбыз.Ирак террор менен күрөшүүдө абдан маанилүү жолду басып өткөн бир мезгилде жасалган мындай кол салуулар Иракта коомдук тынчтыкты түзүү аракеттерине тоскоол боло албайт. Түркия террор менен күрөшүүдө Иракка берген колдоону чечкиндүүлүк менен улантат",- деп айтылды. 

 



Тектеш кабарлар