Түндүк Корея кол салуу үчүн 15 жерди белгилеген

Ким Чен Ындын планы ортого чыга баштады

854342
Түндүк Корея кол салуу үчүн 15 жерди белгилеген

Европанын Тышкы байланыштар комиссиясынын кеңешчилери тарабынан даярдалган жаңы отчет, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын кол салуу үчүн 15 жерди бута катары белгилегенин ортого чыгарды.

Бул жерлердин арасында АКШ жана Япония менен катар көптөгөн шаар жана өкмөт имараттары да бар.

Түндүк Кореянын өткөн айларда жарыялаган «Силерди ядролук курал менен атабыз» деп коркутушунун арткы планы ортого чыга баштады.

Англиянын көп сатылган гезиттеринен «Daily Mail» Түндүк Кореянын оолуккан лидери Ким Чен Ындын айрым жерлерди белгилегенин жана бул жерлерге ракета менен кол салууну пландаганын окурмандарына билдирди.

«Daily Mail» гезитинин Европанын Тышкы байланыштар комиссиясына таянып жарыялаган отчетунда, Пхеньян башкаруучулугунун биринчи баскычта жалпы 15 жерге кол салууну пландаганы белгиленүүдө.

Отчетто: «Түндүк Кореялык бир маалымат булагы, ядролук кол салууда максатталган буталарды бизге айтты. Пхеньян башкаруучулугу айрым стратегиялык жерлерди бутага алды. Булардын арасында АКШ чек араларынын ичиндеги жерлер да бар Түштүк Корея, Япония жана Гавайидеги жерлер да бар» деген сөздөр көңүлдөрдү бурду.

Отчетто орун алган жерлерден айрымдары Пентагон, Ак үй, Манхэттен, Гуам, Сеул, Пусан, Окинава, Токио, Киото деп белгиленген.



Тектеш кабарлар