Түштүк Корея АКШ менен машыгуу өткөрүүдөн баш тартышы мүмкүн

Түштүк Корея Түндүк Кореядан коркуп жатабы?

853480
Түштүк Корея АКШ менен машыгуу өткөрүүдөн баш тартышы мүмкүн

Түштүк Кореянын февралда кожоюндук кыла турган Кышкы Олимпиада оюндарынан мурда Түндүк Кореянын көңүлүн бурбаш үчүн АКШ менен пландуу түрдө аскердик машыгуулардан баш тартууну ойлогону билдирилди.

Түштүк Корея менен АКШнын биргелешкен машыгууларын, өзүнүн жерлерин басып алуу үчүн даярдык көрүп жаткандай ойлогон Түндүк Корея, буга чейин да каршылык көрсөтүү катары ракеталык сыноолорду өткөргөн болчу.

Кышкы олимпиада оюндары 9-25-февраль күндөрүнүн аралыгында, ал эми паралимпиадалык оюндар да 8-18-март күндөрүнүн аралыгында Түштүк Кореяда өткөрүлөт.

Түштүк Кореянын Йонхап маалымат агенттигинин кабарына караганда, машыгуулардан баш тартуу пикири көптөн бери каралууда.

Министрликтин органдарынын билдирүүсүндө болсо, машыгуулар темасында кандайдыр бир чечим чыга электиги маалымдалды.

Түштүк Корея менен АКШнын куралдуу күчтөрү, көбүнчө март жана апрель айларында "Key Resolve" жана "Foal Eagle" аттуу биргелешкен машыгууларды өткөрүп турушат.

Бул машыгууларга 17 миң Америка, 300 миң чакты да түштүк кореялык аскер катышат.

Сеул Түндүк Корея менен болгон карым-катнаштарын жумшарта турганы үмүтү менен бул өлкөнүн Олимпиада оюндарына катышууга жөндөмдүү бардык спортчуларын чакырган болчу.

Көркөм муз тебүү тармагында түштүк кореялык жуп спортчуга олимпиадага катышууга уруксат берилип же берилбей турганы белгисиз.



Тектеш кабарлар