Орусиянын айрым аймактарында радиоактивдүү чачырандылар белгиленди

Москва чачырандыны алгач ирет ырастады, бирок атомдук кырсык айтымдарын төгүнгө чыгарды.

852153
Орусиянын айрым аймактарында радиоактивдүү чачырандылар белгиленди

Орусиянын айрым аймактарында 2 ай мурда радиоактивдүү чачырандылар белгиленди.

Москва чачырандыны алгач ирет ырастады, бирок атомдук кырсык айтымдарын төгүнгө чыгарды.

Чачырандынын адамдын ден-соолугуна коркунуч туудургудай деңгээлде болбогону билдирилүүдө.

Чачыранды кабары алгач Франциянын Атомдук коопсуздук институту тарабынан жарыяланды.

Институт Орусия тараптан радиоактивдүү затка толгон булут келгенин, Казакстан же Орусияда атомдук станцияда сентябрь айынын акыркы жумасында кырсык болгон болушу мүмкүн экенин билдирди.

Франциядан чыккан айтымдар 2 айдан кийин Москва тарабынан ырасталды.

Алгачкы ырастоо Орусиянын метеорология мекемеси Росгидрометтен келди.

Росгидромет, Уралдагы 2 станциясында нормалдуу деңгээлден миң эседей жогору радиоактивдүү изотопко кездешилгенин жарыялады.

Станцияларга эң жакын атомдук станциянын ээси Росатом, атомдук кырсык айтымдарын четке какты.

Росатом, «Эч бир станциябызда кырсык болгон жок» деген маалыматты берди.

Казакстандын Ядролук физика институту да кандайдыр бир бузуктук же кырсыкка туш болбогондорун жарыялады.

Экологдор Орусия органдарын окуя тууралуу иликтөө баштоого чакырды.

Адистер, рутений 106ны камтыган радиоактивдүү чачырандынын атомдук кырсык эмей эле атомдук күйүүчү отун колдонгон борбордон же атомдук медицина борборунан асманга учкан болушу мүмкүн экенин билдиришүүдө.



Тектеш кабарлар