Йеменде 21 күндө 244 киши каза тапты
Коалиция күчтөрүнүн абадан кол салуулары жана Йемен армиясынын операцияларында хусилер жана Салих колдоочуларынан 400 киши да жараланды.
Йеменде бул айдын башынан бери болуп келе жаткан кагылышуулар жана коалициянын кол салууларында хусилер менен кулатылган президент Али Абдуллах Салих жактоочуларынан 244 киши каза тапты.
Йемен армиясына таандык "September Net" интернет сайтында орун алган малыматка ылайык борбор шаар Сананын Нехем районунда коалиция күчтөрүнүн абадан кол салуулары жана Йемен армиясынын операцияларында хусилер жана Салих колдоочуларынан 400 киши да жараланды.
Узун убакыттан бери саясий ыраатсыздык болуп жаткан Йеменде хусилер жана аларга колдоо берген кулатылган президент Али Абдуллах Салих жактоочулары менен Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы эл аралык коалиция колдоо берген мыйзамдуу өкмөт күчтөрүнүн ортосундагы кагылышуулар кээ бир шаарларда улантылууда.
Тектеш кабарлар
Израилдин кол салууларынан улам 37 миң 431 палестиналык каза болду
Израиль армиясынын Газа тилкесиндеги кыргындары 258 күндөн бери уланууда.