Корея жарым аралында согуш башталса Япония эмне кылат?

Судан, Түндүк Корея менен бардык соода-сатык жана аскердик карым-катнаштарын токтотот.

850293
Корея жарым аралында согуш башталса Япония эмне кылат?

Япония, Корея Жарым аралында ыктымалдуу согуш же кризис болуп кеткен учурунда Түндүк Кореядан эвакуацияланышы күн тартипке келе турган он миңдеген киши үчүн план даярдап жатат.

Япон басма сөзүнө караганда пландын ичинде Байкоочу борборлордун курулуусу, карантин жана тыңчы же коркунучтуу кишилерди ажыратуу үчүн суракка алуу ишке ашыруулары да бар.

«Yomiuri Shimbun» гезити жазып чыккан планга караганда иш-чараларды арттыра турган Япониянын Жээк коопсуздугу качкан түндүк кореялыктарды ташыган яхталарды белгиленген япон портторуна жеткирет.

Полиция бул кишилердин өздүктөрүн текшерет жана кылмыш каттоосу болгондор коркунучтуу болгондуктарынан улам өлкөдөн чыгарыла алат.

Гезит ушундай абалдагылардын кайда жөнөтүлө турганы жөнүндө маалымат бербестен, өлкөгө киргендердин чоң ыктымалдуулук менен өлкөнүн түштүгүндөгү Кюсюда курула турган Байкоочу борборго өткөрүлө турганын жана бул жерде карантинге алына турганын билдирди.

«Yomiuri» гезити тийиштүү кызматкерлердин андан кийин Японияда калуусуна ылайыктуу кишилерди белгилей турганын жазды.

Гезит айрыкча согуш болгон учурунда Түштүк Кореядан да баш калкалоочулардын келе ала турганын, бул кишилер үчүн болсо өзүнчө Байкоочу борборлордун курулуусу пландалганын маалымдады.

Планда көңүлдү бурган башка бир жагдай да Түндүк Кореянын тыңчыларынын «баш калкалоочу кылыгында» өлкөгө кирүү ыктымалдуулугу...

Япониянын бул кишилердин өлкөгө кирген учурунда өлкөдөгү АКШ күчтөрүнө таандык комплекстерге, япон армиясына же атомдук станцияларга кол салуу ыктымалдуулугунан санааркаганы белгиленди.

Япониянын Адилет министрлигине караштуу иммиграция кеңсесинин басма сөз катчысы Юнжи Лто да, өкмөттүн ыктымалдуу баш калкалоочу агымына карата таштала турган кадамдарын карап чыкканын айтты.

Япония бозгундарды кабыл алуу темасында абдан катаал саясаты бар өлкө.

Өкмөт, 8 миңден ашуун кайрылуу болгонуна карабастан үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында болгону 3 кишини баш калкалоочу катары кабыл алды.

Адам укуктарын байкоо уюму (HRW), январь айында Японияны Сирия сыяктуу согуштук аймактардан баш калалоочуларды кабыл албай абдан сейрек баш калкалоо укугун тааншынын себебинен «адам укуктары темасында дүйнөлүк этика лидерлигин көрсөтпөгөндүгү» менен күнөөлөгөн.

Япония, Вьетнам согушунан кийин көпчүлүгү вьетнамдык 11 миң баш калкалоочуга каалгаларын ачкан.



Тектеш кабарлар