Жер титирөөдөн кийин Ирандагы абал...

Иран мамлекеттик телеканалында сөз сүйлөгөн Улуттук кризисти башкаруу уюмунун директорунун орун басары Бехнам Саиди, каза болгондордун саны 407, жаралуулардын саны 6700 болгонун айтты.

846899
Жер титирөөдөн кийин Ирандагы абал...

Иракта жекшемби күнү кечинде болуп өткөн 7,3 баллдык жер титирөөнүн себебинен Иранда каза тапкандардын саны 407 кишиге жетти.

Иран мамлекеттик телеканалында сөз сүйлөгөн Улуттук кризисти башкаруу уюмунун директорунун орун басары Бехнам Саиди, каза болгондордун саны 407, жаралуулардын саны 6700 болгонун айтты.

Улуттук кризисти башкаруу уюмунун директору Исмаил Нежжар болсо, кыйроо кеңири аймакта болгонунун себебинен издөө-куткаруу иштерине жетише албай жаткандарын белгиледи.

Нежжар: «Касри Ширин жана Серпулзихабга караштуу айылдар эң көп зыянга учураган жерлер. Кыйроо кеңири аймакта болгонунун себебинен издөө-куткаруу иштерине жетише албай жатабыз. Ушул себептен элдин бир катмарынын сындоолоруна себеп болууда»,-деди.

Аймакта үйлөрү кулаган миңдеген ирандык түндү чатырларда өткөрүштү.



Тектеш кабарлар