Путин менен Трамп эртең Вьетнамда жолугушат
Бул жолугушуу Путин жана Трамптын ортосундагы экинчи бетме - бет жолугушуу болот.
Орусиянын вице - президенти Юрий Ушаков Орусиянын президенти В. Путин менен АКШнын президенти Доланьд Трамптын эртең Вьетнамда жолугушарын айтты.
Журналисттерге маалымат берген Ушаков : «Азыркы учурда жолугушуу тууралуу сөз болуп жатат, жолугушуу 10 - ноябрда болот»,- деди. Ушаков андан мурда берген маалыматында эки лидердин Вьетнамда өтө турган Азия - Тынч океан экономикалык кызматташтыктын негизинде Сирия жана Корея жарым аралындагы абал менен бирге кризиске кирген эки тараптуу карым – катнаштарды карап чыгышарын билдирген.
Бул жолугушуу Путин жана Трамптын ортосундагы экинчи бетме - бет жолугушуу болот. Лидерлер мындан мурда июль айында Германияда болгон чоң жыйырмалардын лидерлер саммитинде жолугушкан. Тараптар Сирия жана Украинадагы кагылышуулар, террор менен күрөш жана кибердик коопсуздук темаларын карап чыгышкан.