Louvre музейи Абу  - Дабиде да ачылды

Араптар Францияга музейди ачуу укугу үчүн 525 миллион доллар төлөйт.

844559
Louvre музейи Абу  - Дабиде да ачылды

Франциянын борбор шаары Париждеги белгилүү Louvre музейи Бириккен Араб Эмирликтеринин борбор шаары Абу  - Дабиде да ачылды. Франциянын президенти Эммануэль Макрон ачылышын аткарган музейде оригиналынан дагы көп буюм көргөзмөгө коюлат. Араптар Францияга музейди ачуу укугу үчүн 525 миллион доллар, карызга алган чыгармалардын коопсуздугу үчүн 750 миллион доллар төлөйт.

Макрон курулушу 2007 -  жылы башталган жана беш жыл кечигүү менен ачылган музей үчүн «Кооздуктун храмы»,- деди.

«Биз үчүн маданиятты, билим берүүнү жана кооздукту колдоодон башка эч нерсе жок»,- деди Макрон.



Тектеш кабарлар