Түндүк Корея ыктыярдуу академик издей баштады

Пхеньян илим жана технология университети (PUST), Азия жана Европадан АКШнын атуулу болбогон ыктыярдуу профессор жана окутуучу издегенин жарыялады.

834376
Түндүк Корея ыктыярдуу академик издей баштады

АКШнын президенти Дональд Трамптын Американын атуулдарына Түндүк Кореяга саякат чектөөсүн коюшу, Пхеньянда бир университеттин билим берүү курамына терс таасир тийгизди.

Пхеньян илим жана технология университети (PUST), Азия жана Европадан АКШнын атуулу болбогон ыктыярдуу профессор жана окутуучу издегенин жарыялады.

Эл аралык финансы жана башкаруу департаментинен Паул Сонг, «Трамп тыюу салуусу АКШлык кесиптештерибиздин саякатынын максаты кандай болсо дагы ТКДРге саякаттарын чектеп койду»,-деди.

АКШнын Мамлекеттик департаменти, Түндүк Кореяда билим алып жаткан америкалык бир окуучунун саякат убагында камакка алынышы жана камакта жатканда каза болушунан кийин 1-сентябрда АКШнын жарандарынын Түндүк Коряга саякат кылуусуна бөгөт коюп, бул жерде жашаган АКШнын жарандарына бул өлкөнү таштап кетүүлөрү сунушталган.

Түндүк Кореянын эл аралык медиасында аты аталган тыюу салуу «адам алмашууларды чектеген жаман иш-аракет» деп мүнөздөгөн жана Түндүк Кореянын каалгасынын ар дайым бардык америкалыктарга ачык экени жарыяланган.



Тектеш кабарлар