Лавров Сирия операцияларынын жакында аяктай тургандыгын билдирди

Лавров : «Сириядагы абал террорго каршы күрөштөгү акыркы ийиликке жетишүүнүн акыркы баскычына жакындады»,- деди

830988
Лавров Сирия операцияларынын жакында аяктай тургандыгын билдирди

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирияда террордук уюм ДЕАШка каршы жүргүзүлгөн операциянын жакында аяктай тургандыгын белгиледи. Лавров өлкөсүн зыярат кылган БУУнун Сирия атайын өкүлү Стеффан да Мисутра менен жолугушуусунда : «Сириядагы абал террорго каршы күрөштөгү акыркы ийиликке жетишүүнүн акыркы баскычына жакындады»,- деди.

Террордук уюм ДЕАШ жана Ел Нусрага каршы күрөшкөн бардык тараптардын аракеттери менен террористтерди жеңилүүгө учуратуунун мүмкүн экендигин белгилеген орус министр : «Булардын баары эң жакынкы учурда акырына чыгат деп ойлойм»,- деди. Лавров Сирия кризисинин чечилиши тууралуу саясий процесстин активдештирилишине колдоо беришкендерин да сөздөрүнө кошту.



Тектеш кабарлар