Прогресс MS-07 космостук станцияда

«Байкоңур» космодромунан учурулган Прогресс MS-07 станциянын экипажына азык-түлүк жана илимий шаймандарды алып барды

828077
Прогресс MS-07 космостук станцияда

Орусиянын учкучсуз жүк ташуучу космостук кемеси Эл аралык космостук станцияга ийгиликтүү конду.

Казакстандагы «Байкоңур» космодромунан эки күн мурда учурулган Прогресс MS-07нин, станциянын 6 кишилик экипажына 2,7 тонналык азык-түлүк жана илимий шаймандарды алып барды.

Прогресс MS-07, эки күн кечеңдетилип жана жайгашуу планындагы өзгөртүү менен учурулган болчу.

Жүк ташуучу космостук кеме учурулгандан кийин 4 сааттан кыска мөөнөттүн ичинде Космостук станцияга жайгашуусу пландалып жаткан эле. Бирок бул пландан, себеби билдирилбеген бузулуудан улам баш тартылган болчу.



Тектеш кабарлар