Түндүк Корея АКШнын батышын аткылай турган ракетасын сынаганга даяр

Орус өкүлү Антон Морозов Пхеньян башкаруусунун АКШнын батыш жагын аткылоо үчүн бир ракетаны текшерүүгө даяр экендигин айтты.

822272
Түндүк Корея АКШнын батышын аткылай турган ракетасын сынаганга даяр

Орус өкүлү Антон Морозов Пхеньян башкаруусунун АКШнын батыш жагын аткылоо үчүн бир ракетаны текшерүүгө даяр экендигин айтты.

Түндүк Кореяда жолугушууларды өткөргөн Либерал демократ партиясынын делегациясындагы Морозов түндүк кореялык жетекчилер менен өткөрүлгөн  сүйлөшүүлөр тууралуу билдирип буларды айтты : "Узун аралыктуу ракета сыноо үчүн даярдык көрүшүүдө. Бизге көрсөтүшкөн математикалык эсептерине караганда чыгарган бир ракета менен АКШнын батыш жагын атышы мүмкүн",- деди. 

Орус өкүлдүн билдиргенине караганда Түндүк Корея атмосферага согуштук дүрмөт таштоо жана бул согуштук дүрмөттү башкаруу технологиясына да ээ. Корея жарым аралындагы абалдан тынчсыздангандыгы үчүн тынчтык миссиясы катары бул сапарды аткарышкандарын белгилеген Морозов : "Пхеньяндагы жетекчилер атомдук сыноолорун улантууда чечкиндүү жана согуш тууралуу сөз кылып жатышат. Кенен аскердик кыймылдын болбошу үчүн бардык тийиштүү мамлекеттер абалга эң кыска убакта кийлигишүүсү керек. Либерал демократ партия катары маселенин тынчтыкчыл жол менен чечилишин жактайбыз",- деди. 

 



Тектеш кабарлар