Сауд Аравия Орусиядан өнүккөн технологияга ээ аскердик системаларды сатып алат

Сауд Аравия Орусиядан өнүккөн технологияга ээ аскердик системалардын сатып алынышы жана өлкөдө чыгарылышы үчүн кызматташтык келишимине кол койду.

821790

Сауд Аравиянын аскердик өнөр жай фирмасынан берилген жана расмий маалымат агенттиги СПАда жарыяланган кабарда Сауд Аравиянын коргоо министрлигинин Орусиянын коргоо өнөр жай тармагында алдыңкы фирмасы Rosoboronexport менен өнүккөн коргонуу өнөр жай продукцияларын жана курал системаларын сатып алуу, орток биргелешкен өндүрүштүн аткарылышы жана билим берүү тууралуу кызматташтык келишимдерине кол коюлгандыгы белгиленди

Маалыматта кызматташтык келишими боюнча ТОС – 1А ракта учуруучулары, Корнет- ЕМ ракета учуруучулары, АК – 103 кол салуучу автомат, S-400 абадан коргонуу системаларын сатып алары билдирилди. Rosoboronexport менен түзүлгөн келишим менен Орусиянын технология трансфери жана өнөр жайларды жергиликтештирүү менен улантууга боло тургандыгы тууралуу иштердин жүргүзүлөрү, бул иштердин Сауд Аравиянын өнөр жай продукцияларын өндүрүү жана өнүгүшү тууралуу маанилүү бир кадамдын негизин түзөрү белгиленди.

Тектеш кабарлар