Орусия АКШны чалгындоо боюнча күнөөлөдү

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игор Конашенков, Сириядагы террорист топтор АКШнын чалгындоо бөлүшүүсүнөн пайдаланып жатканын маалымдады.

820661
Орусия АКШны чалгындоо боюнча күнөөлөдү

Орусиянын коргоо министрлигинен «АКШ Сириядагы террористтерге чалгындоо түзүп берип жаткан болушу мүмкүн»,деген күнөөлөө айтылды...

Министрликтин басма сөз катчысы Игор Конашенков, Сирияда АКШнын көзөмөлүндөгү аймактардан Сириянын армиясына кол салган террор уюму ДЕАШтын өкмөт армиясынын буталарына байланыштуу чалгындоону америкалыктардан алган болушу мүмкүн экенин айтты.

Террористтердин Сириянын өкмөт күчтөрүнүн жашыруун жерлерин так түрдө билгендерин жана бул жерлерди буйтап өткөндөрүн белгилеген Конашенков: «Террористтер бул маалыматтарды бир гана абадан чалгындоо аркылуу камсыздай алышмак. Бул маалыматтар саботаж үчүн аларга атайын өзгөчөлүк менен өткөрүлдү»,-деди.

Аймактагы кол салуулардын арасында бир гана байланыш болгонун айткан Конашенков: «Бул кол салуулардын бардыгы, Сирия-Иордания чек арасындагы, АКШ бөлүктөрү жайгашкан Ал-Танфтан келип чыгууда»,-деп айтты.

Конашенков Сирияда ДЕАШ менен күрөшүүдө эң чоң тоскоолдуктун террор уюмунун аскердик көлөмү тууралуу эместигин белгилеп, «АКШнын Сирияда террорист топторго берген колдоосу, өлкөдөгү террористтердин жок кылынышынын алдындагы эң чоң тоскоолдук»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар