Мексикада жер титирөөдөн каза тапкандардын саны көбөйдү

7,1 баллдык жер титирөөнүн кесепети

811885
Мексикада жер титирөөдөн каза тапкандардын саны көбөйдү

Мексикада шейшемби күнү болгон 7,1 баллдык жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 273кө жетти.

Маалымдалгандай жер титирөөдө 137си борбор шаар Мехикодо болуп жалпы 273 кишинин көз жумганы белгиленди.

Билдирүүдө 73 киши каза болгон Морелос аймагынын жер титирөөдөн эң көп жабыр тарткан аймактардын бири экени айтылды.

Мексикада 8-сентябрда болгон 8,1 баллдык жер титирөө да 96 кишинин өмүрүн алган болчу.


Этикеткалар: #Мексикада , #Мехикодо

Тектеш кабарлар