Калифорния прокурору Трампка доо койду

Айрым уюмдар тарабынан да өткөн жумада Вашингтон башкаруучулугуна каршы доо коюлган болчу

811173
Калифорния прокурору Трампка доо койду

АКШнын Калифорния штатынын башкы прокурору Ксавье Безерра, Мексика чек арасына тургузулушу пландалган дубал боюнча Дональд Трамп башкаруучулугуна доо койду.

Демократ прокурор Безерранын кечээки арызында, федералдык өкмөттүн дубал пландары менен экологиялык көзөмөлдөрдү жана берки мыйзамдарды бузуп жатканы айтылды.

Айрым уюмдар тарабынан да ушундай себептер көрсөтүлүп өткөн жумада Вашингтон башкаруучулугуна каршы доо коюлган болчу.

Эки доо тең дубалдын курулуусуна бөгөт коюуну максаттоодо.

АКШнын президенти Дональд Трамп, өлкөсү менен Мексиканын ортосунда дубал тургузулушуна каршы чыккандарды «Америка элинин коопсуздугун коркунучка салышууда» деп сындаган эле.

Трамп бюджеттен улам «Өкмөттү жабууга аргасыз болсок да ал дубалды курабыз»,-деп айткан.

Трамптын бул сөздөрү, Мексика чек арасына дубал тургузулушуна каршы чыккан демократтар менен республикачылдарга кыр көрсөтүү катары мүнөздөлгөн болчу.



Тектеш кабарлар