Түндүк Корея дагы бир ракетасын Япониянын үстүнөн учурду...

Ракета учурулганынын белгилениши менен Японияда тревога берилип эл баш калкалоочу жайларга кире качышты.

807481
Түндүк Корея дагы бир ракетасын Япониянын үстүнөн учурду...

Түштүк Кореянын армиясы Түндүк Кореянын борбор калаасы Пхеньянга жакын жерден «аныкталбаган» бир ракета учурулганын жарыялады.

Йонхап маалымат агенттигине караганда Түштүк Кореянын башкы штаб төрагалыгынын жарыясында «Түндүк Корея, Пхеньян-Сунанга жакын жерден эртең менен саат 6дан 57 мүнөт өткөндө аныктала албаган бир ракетаны учурду. Ракета Япониянын үстүнөн өтүп Түндүк Тынч океанга жетти»,деген маалыматка орун берди.

Армия аты аталган ракетанын 770 чакырым бийиктикке жеткенин, атмосферада 3700 чакырым алыстыкка кеткенин жарыялады.

Анда, Түштүк Корея жана АКШнын сөзү болгон учуруу тууралуу маалыматты анализдегени да билдирилди.

Агенттиктер мындан мурда Түндүк Кореянын учурган эч бир ракетасынын мынчалык узун мөөнөткө атмосферада болбогонуна көңүл бурду.

Ракета учурулганынын белгилениши менен Японияда тревога берилип эл баш калкалоочу жайларга кире качышты.

Япониянын мамлекет башчысы Йошихиде Суга, орто аралыкка учуучу ракетанын Хоккайдо аралынын үстүнөн өткөнүн жана аралдын 2 миң чакырым чыгышында Тынч океанга түшкөнүн жарыялады.

Түндүк Корея 29-августта «Hwasong-12» үлгүсүндөгү орто аралыкка учуучу баллистикалык ракетасын учурган. Япониянын үстүнөн учкан ракета Тынч океанга түшкөн.

Пхеньян 3-сентябрда 2006-жылдан берки эң күчтүү 6-ядролук сыноосун кылган. Бул сыноодон кийин АКШ тарабынан даярдалган жана Түндүк Корея бийлигине жаңы экономикалык санкциялар киргизилишин камтыган токтом долбоору БУУнун коопсуздук кеңешинде кабыл алынган.



Тектеш кабарлар