Түндүк Кореянын жаңы коркутуулары

Түндүк Корея көрө турган жаңы чаралары менен коркутту.

804923
Түндүк Кореянын жаңы коркутуулары

Түндүк Корея жаңы чара көрүүлөрү аркылуу «АКШнын тарыхындагы эң чоң кайгыны жана азапты тартышына себеп боло турганы» менен коркутту.

БУУнун коопсуздук кеңешинде АКШнын жол башчылыгында Түндүк Кореяга карай жаңы санкциялардын бүгүн талкууга салына баштоосунун алдында Пхеньян бийлигинен да күчтүү билдирүүлөр айтылды.

Түндүк Кореянын тышкы иштер министрлигинин катчысы, «Дүйнө жүзү Түндүк Кореянын АКШлык гангстерлер ойлогондон дагы катуу бир катар кыймылдарды кылып, аларды кантип мыйзамдаштыра турганына күбө болот»,-деп айтты.

Катчы, 3-сентябрда сынаган суутек бомбасынын «мыйзамдуу өзүн коргоо чара көрүүсү» экенин жактап АКШны Пхеньянга каршы жаңы санкцияларды өнүктүрүү максатында БУУнун коопсуздук кеңешин манипуляция кылыш үчүн «чээнден чыкканы» менен күнөөлөдү.

Аты айтылбаган катчы: «АКШ акырында мыйзамга жатпаган жана адилеттүү болбогон катуу санкциялар долбоорун ойлоп тапты. Түндүк Корея АКШнын бедел төлөй турганына кепилдик кылат»,-деди.

АКШ бул тема туурасындагы алгачкы токтом долбоорунда БУУнун коопсуздук кеңешинен Түндүк Кореяга мунай зат эмбаргосунун ишке ашырылышын, текстиль товарларынын импорттолушунун токтотулуусун, мамлекет башчы Ким Чен Ынга финансылык санкция киргизилишин жана саякат кылуусуна тыюу салуунун киргизилишин талап кылган.

Бирок Рейтерс маалымат агенттиги дипломатиялык булактарга таяндырып берген маалыматында, БУУнун коопсуздук кеңешинде вето укугу болгон Кытай жана Орусиянын каршы чыгууларынын натыйжасында АКШнын долбоорду жумшартканын жарыялады.

Буга караганда жаңы долбоордо Ким Чен Ындын кара тизмеге кошулушунун талабы орун албайт.

Түндүк Кореяга карай жаңы санкциялардын кабыл алынышы үчүн БУУнун коопсуздук кеңешинин 9 убактылуу мүчөсүнүн бекитиши жана туруктуу мүчөлөрдүн (АКШ, Орусия, Кытай, Улуу Британия, Франция) долбоорду вето кылбашы керек.

Түндүк Корея 3-сентябрда суутек бомбасын сынаганын жарыялаган, ал бул өлкөнүн быйылкы 6-атомдук сыноосу болгон.



Тектеш кабарлар