Тереза Мэй менен Дональд Трамп Түндүк Корея тууралуу сүйлөштү

Англиянын премьер  - министрлик офисинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Мэй менен Трамп кечки сааттарда телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

801820
Тереза Мэй менен Дональд Трамп Түндүк Корея тууралуу сүйлөштү

Англиянын премьер  - министри Тереза Мэй АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Англиянын премьер  - министрлик офисинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Мэй менен Трамп кечки сааттарда телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Түндүк Кореянын акыркы мезгилдеги ракета сыноолору сөз болгон сүйлөшүүдө Мэй бул өлкөнүн режиминин бир гана аймактык эмес, глобалдык тынчтык жана коопсуздук үчүн коркунуч экендигин айтты.

Эл аралык коомдун түндүк Кореяга жоопкерчиликсиз жана көкүтүүчү кыймылдарын акырына чыгаруу үчүн так жооп бериши керектигин айткан Мэй бул өлкөгө карата санкцияларды да камтый тургандай экономикалык кысым жасоо үчүн АКШ жана эл аралык өнөктөштөрү менен кызматташтык түзүү убадасын берди.

Мэй БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Түндүк Кореяга каршы жаңы чаралар тууралуу ылдам келишим түзүүнүн маанисин белгилеп өзүнүн да Европа Биримдигинин бул өлкөгө каршы көрө турган чаралары тууралуу Европа Биримдигинин лидерлери менен кызматташтык түзөрүн белгиледи. Маалыматта Мэй менен Трамптын Түндүк Корея маселесинин чечилишинде Кытайдын ачкыч роль ойношу керектиги тууралуу бирдей пикирге баргандыгы да баса белгиленди.



Тектеш кабарлар