Англиянын премьер - министри Тереза Мэй

Англиянын премьер  - министри Тереза Мэй Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сынактарын «мыйзам тышы» деп мүнөздөдү.

798951
Англиянын премьер  - министри Тереза Мэй

 Англиянын премьер  - министри Тереза Мэй Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сынактарын «мыйзам тышы» деп мүнөздөп : «Булар маанилүү өлчөмдө провакациялык кыймылдар»,- деди. Расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Японияга барган Мэй учакта англис басма сөзүнө маалымат берди.

«Түндүк Кореянын кыймылы мыйзам тышы. Булар маанилүү өлчөмдө провакациялык кыймыл»,- деген Мэй Англиянын эл аралык ортоктору менен буга окшогон кыймылдарды аткарышы үчүн Түндүк Кореяга кысым жасай тургандыгын айтты.  

Гамбургдагы чоң жыйырмалар саммитинде Кытайдын мамлекет башчысы Си Цинпин менен Түндүк Корея тууралуу сүйлөшкөндүгүн эске салган Мэй : «Түндүк Кореяга кысым жасоо тууралуу Кытай ачкыч ролго ээ. Кытайды аткара турган бардык нерсени аткарууга чакырабыз»,- деди.

Бир тараптан Мэй 3 күнгө созула турган Япония жолугушуулары тууралуу суроо боюнча : «Азиядагы эң жакын коопсуздук өнөктөшүбүз Япония менен кибердик коопсуздук, террор менен күрөш жана коргоо тармактарында дагы жакын кызматташтыкты карап чыгабыз. Бул күн сайын ишенимсиз абалга келген дүйнөдө ар дайымкыдан дагы маанилүү»,- деди.



Тектеш кабарлар