Ливан армиясынан ДЕАШка каршы операция

Ливандын Сирия чек арасындагы Арсал поселогуна жакын жердеги жолго төшөлгөн бомбанын жарылышы менен 1 аскер каза болду.

794425
Ливан армиясынан ДЕАШка каршы операция

Ливандын Сирия чек арасындагы Арсал поселогуна жакын жердеги жолго төшөлгөн бомбанын жарылышы менен 1 аскер каза болду.

Ливан армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда окуя бүгүн эрте мененки сааттарда ДЕАШ террордук уюмга каршы жүгүзүлгөн опрацияда  чыкты. Арсал  жакындарында жолго төшөлгөн бомбаны жардыруу учурунда чыккан кагылышууда 4 Ливан аскери да жараланды. Бир тараптан жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда армия бөлүктөрү ДЕАШ буталарына карата ракеталык кол салууларды эрте мененки сааттардан бери улантылууда.

Ливан армиясы өлкөнүн чыгышындагы Рас Баалбек Ел – Факиха менен Ел – Каа поселокторунун тоолуу аймактарында ДЕАШ террордук уюмга каршы 19 -  августта «Тоолордун таңы» аттуу операция баштаган болчу.

Армиянын катчысы майор Эбу Ияд операциянын экинчи күнүнүн акырында террордук уюм ДЕАШ тарабынан текшерилген аймактын 66 пайызынын кайра алынгандыгын белгилеген.



Тектеш кабарлар