Жер көчкү жүрдү
Алгачкы белгилөөлөргө караганда 40 киши каза болду
Конго Демократиялык Республикасында катуу жааган жамгырлар себепчи болгон жер көчкүдөн алгачкы белгилөөлөргө караганда 40 киши көз жумду.
Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Итури провинциясынын жооптуу кызматкерлеринен Жозеф Ндия өз билдирүүсүндө, Тора аймагында өзгөчө Алберт көлүндө катуу жамгыр жааганын айтты.
Тора аймагын чоң зыянга учурутканын сөз кылган Ндия, Эл аралы Кызыл Крест комитети жана жергиликтүү жооптуу кызматкерлердин зыянды иликтеш үчүн окуя болгон жерге бара тургандарын билдирди.
Жозеф Ндия издеп-куткаруу иштеринин уланганын белгилеп, каза болгондордун санынын көбөйүшү мүмкүн экенине санааркагандарын кошумчалады.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 354 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.